Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Чек ара бекеттериндеги коопсуздук бекемделет


Июнь коогасынын бир жылдыгын утурлай түштүктөгү чек ара бекеттери бекемделет. Бул тууралуу УКМК төрага орун басары жана чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстан бул жаатта коңшу өлкөлөрдүн күч кызматтары менен тыгыз иш жүргүзүп жатат.

Чек ара аскерлеринин кол башчысы өткөн аптада Алайда кошумча Кара-Шыбак чек ара бекети коюлганын белгилеп, азыр бул бекетти кошумча күч жана техника менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатканына токтолду. Ушул күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы чек ара бекеттерин бекемдөө иштери жүрүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG