Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Бишкекте акыркы 5 айда 91 киши бруцеллез илдетине кабылган


Бул тууралуу Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызматы билдирди. Алардын 66 пайызын аялдар, 34 пайызын эркектер түзөт. Бруцеллез илдетине кабылгандардын саны 2010-жылга салыштырмалуу 15, 3 пайызга өскөн. Көпчүлүк ооруга кабылгандар оорунун себебин базарларда сатылган сүттү кайнатпай пайдалануудан, эттен көрүшөт. Илдеттин көрсөткүчүн азайтуу үчүн Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызматы бруцеллезго каршы айлык иш-чараларды уюштурууну сунуштап жатат. Анын алкагына турак-жайлардын алдында өз алдынча сүт азыктарын сатууга тыюу салуу, эт-сүт азыктарын ветеринардык-санитардык текшерүүдөн кийин гана белгиленген соода түйүндөрүндө саттыруу, рейддерди жүргүзүү, майда жана бодо малды толугу менен эмдөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары каралган. (AzK)

XS
SM
MD
LG