Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Балдарын кайырчылыкка пайдаланган аял эне укугунан убактылуу ажырады


Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектин Келечек жаңы конушунда жашаган, эч жерде иштебеген 1978-жылкы аял өзүнүн эки баласын “Дордой” базарында кайырчы кылып пайдаланган. Бул үй-бүлө антисанитардык абалда жашап, балдар каралбай калган. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына караштуу балдар иштери боюнча инспекциясынын эскертүүлөрү бул аялга таасир эткен эмес. Буга байланыштуу райондун администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясынын токтому менен балдар атайы балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул факт боюнча Свердлов райондук прокуратурасы сотко арыз жолдогон. Свердлов райондук соту 25-майда аялдын балдарына карата укугун 6 айга убактылуу чектөө чечимин чыгарды.

Эгер балдардын энеси мындан ары жумуш таап, балдарынын жашоосу үчүн шарт түзө албаса, райондук прокуратура анын балдарга болгон укугун толугу менен алып коюуу арызы менен сотко кайрылат.(AzK)

XS
SM
MD
LG