Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Ташиев боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге байланыштуу Башкы прокуратуранын сунушун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына төрт фракциядан экиден депутат кирди. Башкы прокуратура мурдараак депутат Ташиевди кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушун парламентке жолдогон. Буга ушул эле фракция мүчөсү Бахадыр Сулеймановдун арызы себеп болууда. Сулейманов фракция башчысы сабады деп, прокуратурага арыз берген. Ташиев өзү болсо муну президенттик шайлоо алдындагы саясий буйрутма деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG