Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Темир бизнесиндеги кыңыр иштер


"Темир" мамлекеттик ишканасы коалициялык сүйлөшүүлөрдө "Республика" фракциясына тийгени айтылган. Учурда бул ишканада олчойгон коррупциялык иш-аракеттер болуп атканын айтып, темир менен шугулданган ишкерлер парламентке, президентке, премьер-министрге арыз жолдошту. Ишкана жетекчилиги, тескерисинче, коррупциялык схемаларды бууганын айтууда.

Темир алып саткан бир катар ишкерлер “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин коррупциялык иштери үчүн айыптап, коркутуп-үркүтүү жолу менен чөнтөктөрүн тазалап атканын айтып чыгышты.

Гулаб Шах Мухамад Акбар, Айбек Бусурманкулов, Шергазы Каратаев, Хасан Камили, Анварбек Сатаев баштаган ондон ашык ишкер “Темир” ишканасынын жетекчиси Улук Абдымомуновду айыптап, өлкө жетекчилерине, депутаттарга арыз жазышты.

Ал арызда “Темирдин” жаңы жетекчилиги эч кандай дүмүрчөк жазып бербей эле ишкерлерден мыйзамсыз салыктарды алып атканы, моюн толгой турган болушса ишкерлерди “өлтүрүп салабыз” дегенге чейин барып атышканы айтылып, бул боюнча бийликтен чара көрүүлөрүн өтүнүшкөн.

Ишкана жетекчиси Улук Абдымомунов Гулаб Шах, Хасан Камили баштаган ишкерлерди айыптап, алар мурдатан коррупциялык схемалар менен иштеп келишкенин, бул схемалар буулгандан кийин аталган ишкерлер аны кызматтан алуу аракетин кылып жатканын айтууда.

Темир бизнесин тескегендер...

“Темир” мамлекеттик ишканасын ушул жылдын март айынан бери Улук Абдымомунов башкарат. Ага чейин ал бул ишкананын Оштогу өкүлчүлүгүн жетектеп турган. Коалицияга биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдө бул ишкана “Республика” фракциясынын үлүшүнө тийгени айтылган.
Азыр мен маалымат каражаттарына айтканым үчүн гана тирүү жүрөм...

У.Абдымомунов “Республика” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулаймановдун адамы экенин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да, “Азаттыкка” кайрылган темир менен алектенген ишкерлер да ырасташууда.

Айтмакчы, депутат А.Сулайманов 2001-жылы “Темир” ишканасынын Ош облусу боюнча башкы инспектору, 2001-2007-жылдар арасы “Темир” ишканасынын Баткен облусу боюнча директору болуп турган. Ошол кездери “Темирдин” Бишкектеги башкы директору болуп “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, Бишкектин мурдагы мэри, “Кыргыз Темир Жолунун” мурдагы жетекчиси Нариман Түлеев отурганын белгилей кетели.

Ишкерлер: Чыдамыбыз түгөндү...

Ошентип ишкерлер бийлик өкүлдөрүнө арызданышты. Алардын айтымында, У.Абдымомунов “Темир” ишканасына келери менен жаңыча эрежелерди орнотуп, “Ооганстан жараны, Вали деген ылакап ат менен таанымал Ниязулло Хабибулло жетектеген Dunya Naween LTD компаниясы менен иштейсиңер” деген талап койгон.

Андан тышкары мыйзамдуу салыктар төлөнгөндөн кийинки, дүмүрчөгү, эч кандай мыйзамдуу документи жок эле коюлган салыктар төмөнкүчө экени көрсөтүлгөн: Бишкекте ар бир вагон үчүн темирге 750 доллар, Ошто 1280 доллар, Ысык-Көлдө 510 доллар тариф коюлган. Андан тышкары казак тараптан алынган вагондорго деп 50 доллардан, радиациялык кагаздар үчүн 10 доллардан, тейлөө кызматтары үчүн деп 40 доллардан, бажы иштери үчүн 4000 сомдон, дүң киреше жана сертификат үчүн деп 3600 сомдон төлөмдөр алынып келген.

Ишкерлер мыйзамдуу кагазы же “төлөдү” деген дүмүрчөгү жок дал ушул төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарышканы үчүн басым-кысымга, коркутууларга учурап жатканын айтышууда. Ишкерлер У.Абдымомуновго чейин жакшы эле иштеп атышканын белгилешет.

“Темир” мамлекеттик ишканасынан алынган маалымат боюнча бир айда Кыргызстандан 300 вагондон ашуун кара металл тышка жөнөтүлөт. Ошондо 750 доллардан эсептегенде деле айына 250 миң доллардын дарегин тактоо керектиги тууралуу сөз болууда.
“Темир” ишканасындагы мындай иштер бүгүн эле жаралган жок. Мындагы коррупциялашкан система – 10 жылдан ашык мезгилден бери келаткан система.

“Азаттыкка” кайрылган ишкерлер болсо Dunya Naween LTD менен “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги биригип, бир айда бери дегенде 1 миллион доллар кара жана түстүү металдан пайда көрүп атканын, ал акчалар бюджетти кайгып өтүп аткан болуусу мүмкүн экенин айтышты.

Салык инспекциясы берген маалыматка караганда, 2010-жылы “Темир” мамлекеттик ишканасы мамлекетке 11 миллион 933 миң сом салык төлөсө, ушул жылдын беш айында 17 миллион 448 миң сом салык төккөн. Жыл соңуна чейин бул ишкана 40 миллион сомдой салык төгөрүн болжолдоодо. Салыштыра кетсек, 2009-жылга чейин “Темир” ишканасы төккөн салыктын суммасы 6-7 миллон сомдун тегерегинде болгон экен.

“Азаттыкка” кайрылган ишкерлер болсо бир жылда “Темир” ишканасы жөн эле бир канча миллион доллар салык төгө аларын айтышууда.

Кимдин башы кылтыят?

Кыйладан бери темир бизнесинде жүргөн ишкер Гулаб Шах Мухамад Акбар “Азаттыкка” билдиргендей, “Темир” ишканасынын жетекчилигин калкалагандар бийликтеги таасирлүү адамдар. Бирок ошентсе да президент, премьер-министр жана депутаттар бул маселеге көңүл бурарына ишеним бар:

- Мен бул ишти ар бир органдан катуу көзөмөлдөөнү сунуш кылам. Бул бизнести көмүскөдөн чыгарууну, легализациялоону сунуштайм. Анткени биздин чыдамыбыз түгөндү. Чындыгында “Темир” койгон келишимде жазылгандар, темирдин бир килограммы же тоннасынын баасы боюнча көрсөтүлгөн баалар жалган. Билишсин бардык адамдар, биз башка баа менен алабыз. Мен өз өмүрүмдү коркунучка салып жатам, бирок ачуу чындыкты айттым. Мен кимдерге каршы айтып атканымды жакшы билем. Аларда акча, бийлик, баары бар. Алар ар кандай чагымдарды уюштура алышат. Мен алардын айтканына макул болбой койгондон кийин маалымат каражаттарына кайрылгандан башка жолум калбады. Азыр мен маалымат каражаттарына айтканым үчүн гана тирүү жүрөм...

Бул тармакта алпурушкан дагы бир ишкер Анварбек Сатаевдин айтымында, “Темир” монополист ишкана экенинен пайдаланып, башка ишкерлерге катаал шарттарды коюп, акыркы 3-4 айда ал шарттарга ишкерлер чыдай албай калышты.
Акчаны менен жөн гана бюджетке буруп койдум. Ошол бурулбай турган маалда булардын чөнтөгүнө кайсы бир бөлүгү түшчү окшойт.

“Эталон Трэйд” ишканасынын жетекчиси Хасан Камилинин айтымында, 1 тонна жез үчүн “Темир” ишканасы сол чөнтөккө кетчү акча катары 270 доллардан алса, 1 тонна алюминий үчүн 120 доллардан алат. Х.Камили ушул жылдын март айында эле 34 вагон алюминийди чыгаруу үчүн “Темирдин” жетекчилигине 25 миң 500 доллар бергенин ырастоодо. Ушул эле Х.Камили сыяктуу 10 чакты адам түстүү жана кара металлдарды Иран, Өзбекстан жана Кытайга экспорттошот.

“Эталон Трейд” компаниясынын кампа башчысы Шергазы Каратаев “Азаттыкка” эмне себептен “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине нааразы болушканын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул “Темирдин” жетекчиси Улук Абдумомунов деген жаңы жумушка орногондо эле ар бир ишкерди чакырып, “бир келишимге иштейсиңер, кааласаңар иштегиле, каалабасаңар кампаңарды жаап, башка жумуш издей бергиле” деп мажбурлаган. Акыркы күндөрү иштетпей, бизге “кампаңарды жапкыла, болду иштебейсиңер” дей баштады. Анан Хасан Камалинин телефонуна “Темир” ишканасынын жетекчи орун басары Айбек деген чалды. Хасандын телефону дайыма менде жүрөт. Мен алып “кайсы Айбек?” десем, “ГП "Темирден" Айбек деген бир эле мен болом” деп сөгүнө баштады мага. Мен Айбекке айттым “сөгүнбөй сүйлөгүн” деп. Десем “сен кимсиң?” дейт. Мен дагы “сен кимсиң?” дедим. Анан "кел, жолугалы" деп ЦУМдун алдынан жолуктук. Айбек экөөбүз ал жакта бир аз айтыша кеттик. Айтышып атканда директор Улук жаныбызда турган экен, мен аны байкабай калыптырмын. Анан “сен кимсиң?” деп директор мага асыла баштады. Көрсө чогуу келишкен экен. “Хасан менен Шах кайда жүрөт?” дейт. Билбейм деп айттым. Ал “силер Хасан менен Шахты коргой турган болсоңор эки ирандыкты өлтүрөм, аларга кошуп экөөңдү да өлтүрөм” деди, Шахтын кампа башчысы экөөбүздү...

Бийлик бутактарында “Темир” ишканасы боюнча сөздөр жүрө баштады...

“Ата Мекен” фракциясы темир алып-саткан ишкерлердин арызын ушул жумада эле Жогорку Кеңеште талкууга алып чыкмак. Бирок 13-июнь күнү фракция төрагасы Өмүрбек Текебаев бул маселени күн тартибинен алдырып койду.

Аталган фракциянын мүчөсү Равшан Жээнбековдун айтымында, “Темир” ишканасында Акаев, Бакиев тушунан бери келаткан коррупциялык схема болгон. Азыр тек гана ошолор ачыкка чыгып отурат:

- “Темир” ишканасындагы мындай иштер бүгүн эле жаралган жок. Мындагы коррупциялашкан система – 10 жылдан ашык мезгилден бери келаткан система. Бүгүн ошол система өзүн актап бүтүп, жарылчу убагына келип, эми жарылып атат. Мурда Бакиевдин үй-бүлөсү, андан мурда дагы башка чиновниктер бардыгы ошо темир аркылуу миллиондогон долларларды, акчаларды кылып келишкен. Бүгүн мамлекетибизде ошол система уланып атат.

“Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги өз кезегинде каршы тарапты айыптап, Гулаб Шах, Хасан Камили сыяктуу ишкерлер мурдатан эле коррупцияга тиешелери болгонун, алардын мыйзамсыз ишмердүүлүктөрү боюнча далилдүү фактылары бар экенин, бул жарандар учурда сотко берилгенин айтышууда.

Абдымомунов: Каршылык болууда

У.Абдымомунов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Гулаб Шах, Хасан Камили баштаган ишкерлердин айткандарын толук четке какты.

“Азаттыкка” ошондой эле “Темирдин” жетекчиси У.Абдымомунов кол койгон кат түшүп, анда Гулаб Шах менен Хасан Камили эч качан “Темир” ишканасында иштебегени, мурда-кийин эч качан алакада болбогону жазылган экен.
Мен өз өмүрүмдү коркунучка салып жатам, бирок ачуу чындыкты айттым. Мен кимдерге каршы айтып атканымды жакшы билем.

“Жебел Аль Сован” компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгү “Темир” ишканасынын жетекчисине жазган катта, Гулаб Шах өзүн “Темирдин” өкүлү катары тааныштырып 50 миң доллар алганы, бирок 19 миң 500 долларды бербей кеткени айтылган.

Ал эми Ооганстандагы “Асад Зульмай” компаниясы жазган катта, ошол эле Гулаб Шах алардан 57 миң 700 доллар алып, азыр бербей жүргөнү көрсөтүлгөн. “Бурантранс” аттуу компания жазган катта “Темирдин” өкүлү Хасан Камали келишимди аткарбай жүргөнү жазылган.

У.Абдымомунов болсо бул эки жаран эч качан “Темир” менен байланышта иштебегенин, демек булар ишкананын атын сатып ишмердүүлүк кылышканын белгилейт:

- Коррупциялык схеманы булар сүйлөп атышат. Демек ушул система мурда эле бар болчу да. Ошол акчаны менен жөн гана бюджетке буруп койдум. Ошол бурулбай турган маалда булардын чөнтөгүнө кайсы бир бөлүгү түшчү окшойт. Ошого булар эмне кыларын билбей, кайра майлуу жерлерди кантип алабыз деп, азыр арызданып, куруу доомат кылып атышат. Негизи мени алыш керек болуп атат да бул кызматтан. “Өзүбүздүн адамдарды коёбуз” деп айтышканын угуп атам. “Мурдагыдай жашайбыз” деп айтып атышат. “Келгиле, Абдымомуновду алып, өз кишибизди коёбуз” деп атышат. Элестетиңиз, булардын өзүнөн чыккан сөздөр ушундай экен.

Учурда темир бизнесине байланыштуу бул ишти Акыйкатчы институту да иликтей баштады. Акыйкатчы Турсунбек Акун эки тараптын тең пикирин угуп, тараптардын документтерин караштыра баштаганын билдирди.

Соңку жагдайды айта турган болсок, арыз жазган ишкерлердин айтымында, “Темирдин” жетекчилиги жарашууну сунуштоодо. Бирок ишкерлер темир бизнесиндеги коррупцияны иликтеп, бул бизнести ачык-айкын кылууну талап кылышмакчы. У.Абдымомунов болсо бардык талашка сот чекит коюшу керектигин айтат.

Эгер “Темир” ишканасы мурда салыкты аз төгүп келгенин, бул жылы ал көбөйгөнүн, ошол эле маалда арыз жазган ишкерлердин “мурда эле жакшы болчу” деген сөздөрүн эске алсак, эки тараптын, андан тышкары мурдагы жетекчилердин да ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөө керек болчудай.
XS
SM
MD
LG