Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Пакистан армиясынын даражалуу офицери камакка алынды


Пакистан армиясынын штабында кызмат кылган бийик даражалуу офицер Али Хан тыйуу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму менен байланышы бар деп шектелип, камакка алынды. Бул жөнүндө билдирген армиянын өкүлү, генерал-майор Асар Аббастын сөзүнчө, армия катарындагы мындай ишмердүүлүккө каршы чечкиндүү чара көрүлөт. Аббас ошол эле учурда Али Хандын талиптер менен байланышы жок экенин баса белгиледи.
“Хизб-ут Тахрир” ислам халифатын калыбына келтирүүнү жана мусулман өлкөлөрүн шарияттын негизинде бириктирүүнү көздөгөн эл аралык уюм. Уюмга көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда тыйуу салынган.

XS
SM
MD
LG