Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Франция да Ооганстандан аскерлерин чыгарат


АКШнын артынан Франция Ооганстандагы аскерлеринин санын кыскартаарын жарыялады. Президент Николя Саркози 4 миң аскерден турган франциялык контингент бара-бара кыскартылаарын, ал жараян АКШ аскерлерин чыгаруу жадыбалына ылайык ишке ашырылаарын билдирди.

Кечээ АКШ президенти Барак Обама 2012-жылдын сентябрь айына чейин Ооганстандан 33 миң аскер чыгарылаарын айткан. АКШнын Бириккен штабдар командачылыгынын башчысы, адмирал Майкл Маллен аскерлерди мындай тездик менен алып чыкпоону сунушу кылганы менен, акыр аягында Обаманын планын толугу менен колдоорун билдирди.

Ошону менен Ооганстанда АКШнын 68 миңдей жоокери калат. Бирок алар да Ооган аскерлери коопсуздукту камсыздоону өз колуна алууга даяр болгондо, болжолу менен 2014-жылга чейин чыгарылат. Ал тапта Германиянын тышкы иштер министри анын өлкөсү жыл аягында жоокерлердин биринчи бөлүгүн Ооганстандан алып кете баштаарын билдирди. Словения болсо жакынкы айларда 90 кишилик контингентин толугу менен чыгарганы жатат.

XS
SM
MD
LG