Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

БШКнын алдында окутуу борбору ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка ” БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди.Окутуу борборунун алкагында атайын мобилдүү топтор түзүлөт. Алар аймактарды кыдырып, жергиликтүү шайлоо участкаларында шайлоо процедуралары тууралуу окууларды уюштурушат. Ушул тапта бул борбордун иштөө тартиби такталууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча календардык планын 5-июлдагы жыйынында бекиткен. Ошондой эле Конституция жана шайлоо мыйзамдары, шайлоо комиссиялары жөнүндө баракчаларды чыгаруу чечими кабыл алынган.

Мындан сырткары президентке талапкерлердин кол топтоо эрежелери аныкталып, топтолгон колдорду текшерүү боюнча жумушчу топ тууралуу маселе кийинкиге калтырылды.(AzK)

XS
SM
MD
LG