Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

“Макмал” алтын комбинатынын 25 жылдыгы белгиленүүдө


Бул мааракеге карата Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал” алтын комбинатында бүгүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, бир катар кызматкерлер сыйлыкка татыды. “Азаттыктын” кабарчысы аймактан билдиргендей, иш-чарага “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчилиги, комбинаттын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

“Макмал” алтын комбинаты 1986-жылы 16-июлда түзүлгөн. Бул жерден Кыргызстан алгачкы алтынын алган. Мындан улам 16-июлда Кыргызстанда Металлургия кызматкерлеринин күнү да кошо белгиленет.

“Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Макмал” алтын комбинаты учурда айына 30-40 кг алтын өндүрүүдө. Комбинат иштей баштагандан берки 25 жыл ичинде жалпы 35 тонна алтын чыккан. Бул аймактан дагы 5 тонна алтын алууга мүмкүнчүлүк бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG