Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Баткенде террорчулукка каршы окуу өттү


“Баткен-Антитеррор 2011” деп аталган бул окуунун алкагында атайын кызматтардын өкүлдөрү, милициялар, куткаруучулар, медицина кызматкерлери жана прокурорлор террорчулар жараткан катаал кырдаалдар учурунда кандай аракет кылуу керектигин үйрөнүштү. Бул иш чара Улуттук коопсуздук комитетинин Террорчулукка каршы борбору тарабынан өткөрүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай окуулар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү. Коопсуздук комитетинин Террорчулукка каршы борбору ушул жылдын январь айында түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG