Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

АКШ баңги зат менен жаңыча күрөшөт


Апийим Ооганстандан Борбор Азияны көздөй агылып, андан соң Орусияга жана башка өлкөлөргө ташылат.
Апийим Ооганстандан Борбор Азияны көздөй агылып, андан соң Орусияга жана башка өлкөлөргө ташылат.

АКШнын баңги заттарын көзөмөлдөө иштери боюнча кызматкерлери баңги зат агымына бөгөт коюу боюнча жаңы планын ачыкташты.

Жыл сайын тоолор жана бекем эмес чек аралар аркылуу апийим Ооганстандан Борбор Азияны көздөй агылып, андан соң Орусияга жана башка өлкөлөргө ташылат.

Героин жана башка маң заттар аралашкан бизнестин баасы – көптөгөн миллиард доллар жана миллиондогон адамдардын өмүрү.

АКШнын жаңы планы боюнча, мамлекеттердин күч органдары арасындагы байланыш күчөсө, бул жалпы регионалдык көйгөйгө туруштук берүү мүмкүн болмок.

Америка сунуштаган жаңы стратегия АКШнын жоокерлери Ооганстандан кетип, ушундан улам баңги агымы кайрадан күчөшү мүмкүн деген кооптонуу учуруна туш келип отурат.

Маалымат аз, жардам зарыл

Вашингтондо баңги заттарын көзөмөлдөө иштери боюнча кызматкерлер баңги агымына бөгөт коюу боюнча жаңы планын ачыкташты.

Бул план “Борбор Азиядагы баңги заттарына каршы күрөш демилгесинин” (CACI) алдын ала түзүлгөн версиясы. Ага ылайык, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан биргеликте маң заттарга каршы күрөшчү 5 топ түзүшү зарыл. Бул бирикмелер Ооганстан жана Орусиядагы ушуга окшош күчтөр менен чогуу иштешмекчи.

Ошентип 7 топ ич ара маанилүү маалымат менен бөлүшүп, чек арадагы байланышты күчөтүп, издөөдөгү баңги аткезчилери тууралуу маалыматтар менен алмашып турушу керек.

АКШ мамкатчысынын Баңги заттарын көзөмөлдөө иштери боюнча жардамчысы Уильям Браунфилд “Азаттыкка” курган маегинде бул долбоордун максаты – 7 өлкөнүн күч органдарынын ортосундагы ишенимдин аздыгын жоюу деп билдирди.

- Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул программанын кандай пайдасы бар? Борбор Азиядагы 5 өлкө баңги зат боюнча Ооганстан тараптагы маалыматка эгедер боло алышат, бул маң зат ташуучуларын кармоого жардам берет. Орусия менен Ооганстан кандай пайда көрөт? Ооганстан азыр маң зат ташылган борбор азиялык 5 өлкөнүн чек араларындагы маалыматка ээ эмес. Маң зат ташылып келчү Орусия да ушундай абалда. Негизи маң зат ташылган жол боюнча толук маалымат бул көйгөйгө каршы күрөштө чоң өбөлгө.

Бул план ишке кирсе, АКШнын Мамлекеттик департаменти жабдуулар жана машыгуулар үчүн каражат бөлөт.

Барнуфилд мырза ушул жылдын июнь айынын акырында жана июль айынын башында (26-июнь – 2-июль) Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусияны кыдырып, маң зат боюнча кырдаалды талкуулап, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери менен жолуккан.

Уильям Браунфилд бул сапар учурунда АКШнын Ооганстандан аскерлерди чыгарышы апийимдин өлкөдөн чыгышына таасир этет деген кооптонууларды бир нече жолу укканын кошумчалады. Ушул жылдын акырына чейин 10 миң америкалык жоокер үйлөрүнө кайтат.

Колумбия менен Борбор Азия окшош

АКШнын маң заттарга каршы көптөгөн долбоорлоруна карабастан, Ооганстан дүйнөдө дагы деле апийим өстүрүлчү жана өндүрүлчү эң ири өлкө катары калууда. Апийимден кийин героин жана башка маң заттар жасалып, бул мыйзамсыз бизнестеги акчалар миллиондогон долларды түзөт.

Бирок Браунфилддин айтымында, АКШнын аскер кызматкерлеринин Ооганстандан кетиши маң заттын агымын күчөтпөйт, себеби Ооганстандын күч органдарына көмөктөшүү улантылат.

- Менин оюмча, Ооганстанда АКШ жана НАТО чогуу көп ийгиликтерге жетишти, тагыраак айтканда бул – күч органдарын бекемдөө. Эскерте кетейин, күч органдарына жардам берүү токтойт деп эч ким айта элек.

Ооган полиция кызматкери апийим талаасын жок кылууда.
Браунфилд азыркы кызматына январь айында келип, буга чейин Колумбияда АКШнын элчиси болуп иштеп, баңги затка каршы күрөшүү жаатында кыйла тажрыйбага ээ.

"Колумбия менен Борбор Азия өлкөлөрүндө бир окшоштук бар" дейт Браунфилд. Бул – өлкө бийликтеринин баңги агымына каршы чыныгы күрөшүү ниети жана бул боюнча милдеттенмелерди алышы.

- Бул чечимдин баасы – саясий баа. Маң затка аралашкан ири кылмыштуу бизнес тармактарын жоюу акчалай жактан да кымбат, көп адамдарын өмүрүн алчу чоң кадам. Күч органдарына чыныгы колдоо, биринчилик берүү талап кылынат. Ансыз күрөшүү мүмкүн эмес.

Учурда планга кол коюу үчүн Орусиянын ою маанилүү болуп турат. Бул жаатта жандануу АКШ менен Орусиянын жаңы президенттеринин арасындагы жаңы мамилелер курулуп жаткан кезде байкалган эле.

Бирок 9-июлда Орусиянын Коргоо министрлигинин “Красная звезда” гезитинин 9-чыгарылышында АКШ бул планды жамынып, регионго киргиси келип жатат деген мааниде макала чыккан.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG