Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Жапаров президенттикке ат салышат


Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” партиясынын мүчөсү Акылбек Жапаров президенттикке ат салыша турганын бүгүн маалымат жыйында билдирди. Жапаров азырынча “Ар-Намыс” президенттикке талапкер катары бир дагы адамды көрсөтө элек болгону менен, өзүн партия лидери Феликс Кулов колдойт деп ишенет.

Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына белгиленген. Буга чейин бир катар саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин сунушташкан. Алардан тышкары бир нече жеке инсандар президенттик шайлоого ат салышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Бүгүнкү күндө президенттик шайлоого катышууну каалап, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны – 24. (КЕ)

XS
SM
MD
LG