Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Ташиевдин иши кайра башталышы мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, Кылмыш-процессуалдык кодекси депутаттык мандаттын кол тийбестигин караган мыйзамдан жогору турат. Ошондуктан “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши кайра уланышы мүмкүн. Азыр прокуратуранын тергөө органдары Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармасы жүргүзүп жаткан медициналык экспертизанын тыянагын күтүүдө. “Эгерде жабыр тарткан Бахадыр Сулеймановдун денесине келтирилген оор зыян белгилери бар экендигин медициналык тыянак ырастаса прокуратура Ташиевге карата кылмыш ишин козгоого укуктуу”, - деди Салянова.

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге “бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген” деп, кол тийбестигинен ажыратууну Жогорку Кеңештен сураган болчу. Буга “Ата Журт” фракциясынын дагы бир депутаты Бахадыр Сулеймановдун "мени фракция башчысы сабады" деп, прокуратурага жазган арызы себеп болгон.

30-июнда “Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште депутат Бахадыр Сулеймановдон кечирим сурап, кесиптеши аны кабыл алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG