Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

АКШда карыз маселеси боюнча мунаса табылды


Конгресстеги республикачылар менен демократтардын ортосунда Кошмо Штаттардын тарыхында өкмөттүн биринчи ирет дефолт болушуна жол бербөө үчүн мунаса табылганын президент Барак Обама жарыялады. Обама мындай жарыяны бүгүн Азиянын баалуу кагаздар базары ачылар алдында жасады. Эми жетишилген макулдашуу Конгресттин кош палатасында добушка салынуусу керек. Добуш берүү эң эрте дегенде бүгүн ишке ашырылуусу мүмкүн.

- Биз али ишке ашыра элекпиз. Мен эки партиянын тең өкүлдөрүн туура ишти жасап, алдыдагы саналуу күндөрү өз добуштары менен мунасаны колдооого чакырам. Бул бизди дефолт болуудан сактайт, бул бизге таңкыстыкты жоопкерчиликтүү жол менен кыскартууга мүмкүндүк берет.

АКШда өкмөт карызынын көлөмү буга чейин 14,3 триллион доллар деп мерчемделген. Эми америкалык мыйзамгерлер бул чекти көбөйтүүгө эң кеч дегенде 2-августун түн ортосуна чейин жол ачуусу керек. Болбосо АКШ өкмөтүнүн өз эсептерин төлөй албай калуу тобокелчилиги бар. Мындай жагдай өз кезегинде глобалдык базарды жаңы башаламандыкка кептеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG