Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Калыев соттон үй камагына бошотууну өтүндү


Бактыбек Калыев, Бишкек, 22-ноябрь, 2010-жыл
Бактыбек Калыев, Бишкек, 22-ноябрь, 2010-жыл

Апрел окуясы боюнча сот сурагына тартылып жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунганов менен экс-коргоо министри Бактыбек Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жабырлануучулар каршы.

Апрел окуясы боюнча сот сурагына тартылып жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунгановдун ден соолугунун кескин начарлап кеткенине байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү 3-августтагы соттук отурумда айтылды. Буга чейин ушундай эле өтүнүчтү экс-коргоо министри Бактыбек Калыевдин адвокаты билдирген.

Ал ортодо апрел окуясында жапа чеккен тарап Калыевди үй камагына бошотуу аракетине каршы акция уюштурарын билдирди.

Адвокат Руслан Долаев Калыевдин кант диабети, үчүнчү даражадагы гипертония менен ооруганын, анын ден соолугу коркунучта экенин белгилеп, соттон үй камагына чыгарууну суранган.

17-ноябрь, 2010-жыл
20-июлда соттук отурумда Улуттук коопсузук комитетинин ички медицина кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев жана соттук медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асипа Ибраева көрсөтмө беришип, Калыевдин ден соолугу коркунучта экенин тастыкташкан.

Анткен менен апрелде жакындарын жоготкондор жана жабыркагандар адвокаттардын мындай өтүнүчтөрүнө каршы чыгышууда. Алар аты аталган мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы өзгөргөн соң качып кетет деп кооптонушууда.

7-апрелде баласын жоготкон Нурия Айдабосунова аларды камалган жайларында дарылоону сунуштап жатат.

- Калыевдин канты 13% дейт. Бул абдан деле жогору эмес. Аны менен жашоого болот. Биз деле аны билебиз. Менин энем деле кант диабети менен ооруйт. Бирок объективдүүлүк болуш үчүн сот процесси бүткөнчө кармалып эле туруш керек. Себеби чыгарып койсо Малеваная сыяктуу качып кеткенге толук шарт бар. Анткени булардын акчалары, байланыштары бар.

Ушул жерде кармалып турган күнөөлүүлөрдүн эң чоңу эле ушулар. Ошондуктан отура турганы оң. Врачтар карап, дарылап турушсун. Биздин балдар деле өлүп калды, жараат алган балдар араң суракка келип жүрүшөт. Чыгарабыз десе биз каршы болобуз.

Буга чейин Жогорку Кеңештин алтымыштай депутаты Калыевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнгөнү кабарланган. Ушундай өтүнүчкө кол койгон депутаттардын бири, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов баш коргоо чарасын өзгөртүү дүйнөлүк практикада кездешерин белгиледи.

- “Азыр бутун кесе турган абалга жетип калыптыр” дешкенинен абалынын оордугун эске алып гана баш коргоо чарасын өзгөртүүнү башка депутаттар сыяктуу мен да колдоп, кол коюп бергем. Күнөөсү болсо тергөө жана сот аныктаар. Бирок ден соолугу кескин начарлаганда баш коргоо чарасын өзгөртүү мыйзамда көрсөтүлгөн. Бул дүйнөлүк практикада деле ошондой. Мурдагы диктаторлор соттолгон, бирок алардын бардыгы эле түрмөдө отурган жок да. Ал абалга жараша болот.

7-апрелде митингге чыккан элге ок аткан, жапырт өлтүрүүгө көмөктөшкөн деген айыптар коюлган Нурлан Турсункулов, мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев өткөн жылдын 22-ноябрында сот жараянына келбей калышкан. Андан соң алар үй-бүлөлөрү менен качып кеткени анык болгон. Мындан улам аларга издөө жарыяланып, камакка алуу боюнча сот өкүмү чыккан болчу.

7-апрел окуясы боюнча соттук териштирүү 18-мартта кайра жанданып, качып кетти делген мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов менен Каныбек Жороев соттук отурумга келишкен.

Ал эми апрел сотун карап жаткан судья Дамир Оңолбеков Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы шарттар текшерилгенден кийин гана чечилерин билдирген болчу. Азырынча бул маселе ачык бойдон турат.

XS
SM
MD
LG