Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Эс-учуна келе албай жаткан казак туристти Бишкекке которушат


Ысык-Көлдүн жээгинде сабалып, учурда Чолпон-Атада ооруканада эс-учуна келе албай жаткан казак жараны Ерлан Балмахаевди эртең Бишкекке которушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Алмира Алдашева билдирди. Алдашеванын маалыматына ылайык, мындай чечим ооруканада Балмахаевдин абалына ылайык шарт жок болгондуктан кабыл алынды.

Азыр турист эсине келе албай жатат. Анын баш мээсине операция жасалды.

Расмий маалыматка караганда, Ерлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолуп, сабалган. Бул окуянын иликтенишин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өз көмөлүнө алганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG