Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

“Ар-намыс” талапкерин тандоодо


“Ар-намыс” саясий партиясы Бишкекте өтүп жаткан жыйында партия атынан президенттик шайлоо катыша турган адамды аныктап жатат. Жыйын алдында партия лидери Феликс Кулов билдиргендей, партиянын уставына ылайык талапкер курултайда эмес, атайын жыйында тандалат. Жыйынга мүчө болгон туруктуу 40 мүчөнүн бүгүн 27си келди.

9-июлда “Ар-намыс” курултай өткөрүп, президенттикке талапкерин тандоого аракет кылган. Анын алкагында көпчүлүк добушту Акылбек Жапаровдон озуп өтүп, партия мүчөсү Анарбек Калматов алган. Бирок мүчөлөр арасында пикир келишпестик чыгып, жыйынтык жокко чыгарылган.

Мындан улам партия президенттикке талапкерин кайра тандоого аргасыз болгон. Буга чейин Кулов президенттик шайлоо катышпай турганын ачыктаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG