Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ошто камактагылардын жакындары нааразылыкка чыгышты


Мындан эки ай мурда зордуктоого шектүү делип кармалган Кара-Суу районундагы Мады кыштагынын эки тургунунун 50дөй тууганы бүгүн Ош облустук прокуратурасынын алдына нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар эки уландын күнөөсү жоктугун, убактылуу кармоочу жайда балдар ур-токмокко кабылганын билдиришүүдө.

Облустук прокуратура болсо, кыйноолор боюнча айтылган сөздөр иликтенерин, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирип, эки уландын күнөөсү толук далилдене элек болгондуктан алардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча сотко өтүнүч жиберилгенин кабарлады. Прокуратуранын бул өтүнүчү бүгүн сотто каралышы керек.

“Кыз зордуктаган” деген шек менен кармалган эки улан Ош шаарында убактылуу кармоочу жайда эки айдан бери камакта отурат.

Камактагы кыйноолор боюнча буга чейин бир катар укук коргоочулар билдирип чыгышкан. Президент Роза Отунбаева да Ошко иш сапары маалында кыйноо фактылары катуу жазаланарын эскерткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG