Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

“Кристалл” ишканасына байланыштуу сот жылды


Бүгүн Жогорку Сот кремний иштетүүчү «Кристалл» заводунун ээси - казакстандык “Эстер-Холдинг” компаниясынын доо арызын кароону 26-августка жылдырды.

Соттун улам жылдырылышына нааразычылык билдирген 30 чакты завод кызматкери бүгүн түшкө дейре Жогорку Сот алдында акция уюштурушту. Акция“”Кристаллды” экинчи “Мегакомго” айландырбагыла”, “Таш-Көмүрдүн келечеги - заводдо” өндүү ураандар менен коштолду.

Учурда акция өкмөт үйүнүн алдында уланууда. Бул тууралуу “Таш-Көмүр солар” ЖЧКсынын кызматкери Алик Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

“Кристалл” заводу 7-апрелге чейинки 420 млн. доллар карызы үчүн мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан банкрот деп жарыяланган. Ишканага ээлик кылган казакстандык компания буга каршылыгын билдирип, сотко кайрылган. (EK)

XS
SM
MD
LG