Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

АКШ вице-президенти Молголиядагы демократияга колдоо билдирди


Жо Байден «ондогон жылдар СССРдин кол баласы болгон өлкө» демократияга ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи:

- Акыркы 20 жылда Монголия демократияны ийгиликтүү куруп жаткандыгы менен дүйнөнү таң калтырды. Мамлекет башчылыгына беш ирет шайлоо болду, парламентке да демократияалуу беш жолу шайлоо болду. 1991-жылдан берки жылыштар чынында да жогорку баага татыйт.

Монголияга алты сааттык визит менен келген Байден Кошмо Штаттары Монголиядагы демократиялык жылыштарды колдоону уланта берээрин бышыктады.

Монголия жарды өлкө, бирок ири минералдык кен байлыктарга ээ жана энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн чет элдик инвесторлорду издеп жатат.
Байден келгенде демонстранттардын чакан тобу АКШ Монголияда ядролук таштанды алып келүүнү пландап жатат деп акция өткөрүштү. Монгол өкмөтү мындай пландар жок экенин билдирген.

Байден Улан-Баатырга Кытайдан келди, Монголиядан соң ал Токиого жол тартты.

XS
SM
MD
LG