Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Жүк ташуучу айдоочулар митингин улантат


«Жүк ташуучулар» ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, нааразылык иш-чарасы Өкмөт үйүнүн алдында болот. Анын айтуусунда акцияга өлкөнүн бардык аймактарынан жүк ташуучу унаа айдоочулар келип кошулушууда. Мурда кабарлангандай жүк ташуучу унаа айдоочулар Кытайдын оор жүк ташуучу автоунааларын Кыргызстанга киргизбөөнү, "Манас" Транзиттик борборунан жүктү Тажикстандын эмес, жергиликтүү жүк ташуучулар ташуусун талап кылып, кечээ Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Алар менен транспорт, байланыш министри, бажы кызматынын башчысы келип жолугушкан. Бирок айдоочулар премьер-министр менен жолугууну талап кылышууда.

Кытайдын 70-80 тонналык оор жүк ташуучу унааларын Кыргызстанга өткөрбөө, алардын жүгүн жергиликтүү жүк ташуучуларга жүктөөчү дагы бир терминалды Торугарт бажы бекетинде орнотуу талабы менен айдоочулардын нааразылык акциясы 18-августта Нарында башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG