Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

“Мен калам” акциясы жүрүп жатат


Минтип аталган узак мөөнөттүү акция Кыргызстанда жашап жаткан улуттардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн токтотууга көмөктөшөт деп эсептешет анын уюштуруучулары. Алардын бири, “Ата Мекен” партиясынын парламенттеги депутаты Наталья Никитенконун журналисттерге билдиргени боюнча, бул иш-чарада Кыргызстанда абал бир көргөндөгүдөй жаман эмес экени жакшы адамдар аркылуу көрсөтүлүп, сырткы миграциянын агымын азайтууга аракет жасалат.

“Мен калам” акциясынын уюштуруучулары элди тегине карап бөлүү туура эместигин белгилешип, ар бир адам улутуна жана динине карабай өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз салымын кошо алат деген пикирде.

Маалыматтарга ылайык, 2005-жылы 25 миң адам Кыргызстандан биротоло чыгып кеткен, эки жылдан кийин эле өлкөдөн кетүүнү каалагандардын саны эки эсе өскөн. 2010-жылкы апрель, июнь окуяларынан кийин Кыргызстанды таштап, өмүрүнө коопсуз аймактарга кетүүнү каалагандардын саны дагы бир нечелеп көбөйгөнү маалым.(ZKo)

XS
SM
MD
LG