Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Президенттикке талапкерлердин саны 79га түштү


Президенттикке талапкер Игорь Трофимов өз арызын кайтарып алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” укук коргоо борборунун жетекчиси Трофимов буга чейин бир жолу талапкерлигин алып, бирок кайра катталган.

Саал мурдараак президенттикке өзүн-өзү көрсөткөндөрдөн Таалайбек Токтоказиев, KGinform.com маалымат порталынын редактору Виктор Виноградов жана "МК Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов арыздарын кайтарып алышкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (EK)

XS
SM
MD
LG