Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Ливияда козголоңчулар абактан 10 миңден ашуун кишини бошотушту


Муаммар Каддафинин режими тарабынан кармалып турган адамдардын азыркыга чейин 10-11 миңи эркиндикке чыгарылганы тууралуу бүгүн козголоңчулардын өкүлү Ахмед Омар Бани билдирди. Бирок ал белгилегендей, акыркы айларда камалгандар саны 57-60 миң кишини түзөт жана алар кайда экени белгисиз.

Бул аралыкта борбор Триполи үчүн уруш дээрлик аяктап калды, бирок баш-аламан ок атууларды шаардан азыр деле түнкүсүн угууга болот. Шаарга эми жергиликтүү жашоочулар абдан муктаж болуп турган суу жана күйүүчү май келери күтүлүүдө.

Бүгүн эртең менен Каддафинин өкүлү ал бийликти өткөрүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген. Козголоңчулар болсо Каддафи колго түшмөйүнчө сүйлөшпөй турганын айтып, жооп кайтарышты.

XS
SM
MD
LG