Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

БУУ куш тумоосунун коркунучу тууралуу эскертти


БУУ Азияда куш тумоосунун вакциналарга туруштук берген түрү жайылышы мүмкүн деп эскертүүдө. Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Вьетнам менен Кытайда бир нече андай учур катталганын, илдеттин адам баласына кандай зыян алып келээрин азыр айтуу кыйын деп билдирди. Вирустан быйыл Таиланд, Малайзия жана Камбоджада 8 киши көз жумду. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 2003-жылдан бери куш тумоосу 331 кишинин өмүрүн алып кетти, ошондой эле 400 миллиондон ашуун канаттуулар кырылган. Вирус 2006-жылы туу чокусуна жетип, 63 өлкөдө жайылган. Көпчүлүк жерлерде жок кылынганы менен, Бангладеш, Кытай, Египет, Индия, Индонезия менен Вьетнамда дагы эле катталып келатат. Жана 2008-жылдан бери вирустун учурлары көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG