Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

УКМК Жаныш Бакиевдин уулдары кармалганын тастыктады


Бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Жаныш Бакиевдин эки уулу: 23 жаштагы Асылбек Салиев жана 12 жаштагы Нурсултан Бакиев 2-сентябрдын түнү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол” бекетинде кармалганын тастыктап, билдирүү таркатты. Маалыматка ылайык, Асылбек Салиев кимдигин күбөлөндүрө турган жалган документтерди алып жүргөнү аныкталган. Натыйжада 3-сентябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз басып өтүү жана жалган документтерди колдонуу боюнча кылмыш иши козголуп, Асылбек Салиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алынды. Ал эми 12 жашар Нурсултан Бакиев болсо, туугандарына өткөрүп берилди.

Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө Бакиевдердин укугун коргоп келген коомдук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова Жаныш Бакиевдин уулдары эч негизсиз чек арадан токтотулганын, жашы жете элек өспүрүмдүн кармалышы менен мыйзамдар бузулуп жатканын билдирген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Жаныш Бакиев учурда издөөдө жүрөт. Апрель окуясынан кийин ага карата “киши өлтүрүүгө катышкан”, “күч колдонуу менен кызматтык укуктарынан аша чапкан” “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылууда. Бакиевдердин жактоочулары бул айыптарды четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG