Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, апрель окуялары боюнча соттун бүгүнкү отуруму жабырлануучу жана күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу жылдырылды. Судья Дамир Оңолбеков соттук жараянды 6-сентябрда улантуу чечимин кабыл алды. Апрель сотунда жалпы 300дөн ашык жабыралуучудан 182си, 129 күбөнүн ичинен 40 күбө суралып бүттү.
7-апрель окуяларындагы ок атууларга тиешеси бар деп шектелген 28 адамдын иши каралган апрель соту ар жума дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин өткөрүлүүгө тийиш эле. (KKs)
7-апрель окуяларындагы ок атууларга тиешеси бар деп шектелген 28 адамдын иши каралган апрель соту ар жума дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин өткөрүлүүгө тийиш эле. (KKs)