Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Каддафинин аскерлери коңшулаш Нигерге келди


Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн кербени коңшулаш Нигердин түндүгүндөгү Агадез шаарына дүйшөмбү күнү келгенин Батыш жаңылык булактары кабарлашууда. Ондогон аскерий техникадан турган аскерий кербенди Каддафиге жакын эсептелген туареги уруусунун согушчандары коштоп жүргөнү айтылат. 69 жаштагы Каддафинин дареги беймаалым.

Соңку маалыматтарга караганда, козголоңчу күчтөр Каддафинин акыркы таянычы болгон Бани Валид шаарынын айланасындагы өңүттөрүн бекемдешти. Утурумдук өкмөт менен Каддафини колдогон уруу аксакалдарынын Бани Валидди тынч өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүсү майнап чыкпай токтоп турат.

XS
SM
MD
LG