Сот олтуруму жыйынтыктоочу баскычка келип, балким өкүм ушул аптада чыгат деп күтүлүп жаткан кезде токтотулду. Юлия Тимошенко "2009-жылы премьер-министр кезинде кызматынан кыянат пайдаланып, Орусия менен Украина үчүн зыяндуу газ келишим түзгөн" деп айыпталууда.
Азыр оппозиция лидери катары эсептелген Тимошенко август айында соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө судьяны сыйлабаганы үчүн деген жүйө менен камакка алынган.
Судья Родион Киреев эки апталык тыныгуу жарыялануусун айыпкер өзүн коргоо үчүн даярданууга убакыт сураганы менен түшүндүрдү. Үстүнөн жүрүп жаткан сотту саясий жүйөсү бар деп эсептеген Тимошенко болсо жараяндын эки аптага токтотулушун кылмыш иши кыйраганынын далили катары сыпаттады. Соттун кийинки олтуруму 27-сентябрда болот.