Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Косоводо сербдер менен албандардын тирешүүсү күчөөдө


Косово бийлиги сербдер үстөмдүк кылган түндүк чек арасына полиция жана бажы кызматкерлерин жайгаштырганы жатат. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Балкан кызматына Косовонун премьер-министри Хашим Тачи билдирди.

Сербиянын президенти Борис Тажич БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине каршы келген мындай кадам тирешүүнү күчөтүшү мүмкүн деп эскертти. Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич болсо Улуттар уюмунун баш катчысына нааразылык катын жолдоду.

Кечээ жергиликтүү сербдер Косовонун түндүк чек арасына бараткан НАТОнун кербенин токтотуп, Митровица шаарында тосмолорду орнотушкан.

XS
SM
MD
LG