Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Митровицада абал курч бойдон


Косовонун Митровица шаарында жергиликтүү сербдер эки көпүрөнү тороп турушат. Түн ичинде этникалык сербдер менен албандар Ибар дарыясындагы көпүрөдө бирин бири таш баранга алышты. Жабыркагандар жок деп маалымдалды.

Приштина Сербия менен чегарадагы эки өткөөлдү өз көзөмөлүнө алууга аракеттенгенден кийин жергиликтүү сербдер менен албандардын тирешүүсү күчөдү. Жума күнү ал чек ара өткөөлдөрүнө Косовонун полициясы жана бажычылары Евробиримдиктин тартип коргоочулары менен бирге жайгаштырылды. Июлда Косово бийлиги ошол чек ара пункттарын көзөмөлүнө алууга аракеттенгенде жаңжал чыгып, косоволук бир полициячы мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG