Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Лукашенко Кытайга ыракматын айтууда


Беларустун президенти Александр Лукашенко Кытайга бир миллиард доллар карыз бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Карыз келишими тууралуу өткөн ишембиде жарыяланган болчу. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, бул акча «Беларустун экономикасын заманбапташтырып, алдыңкы технология, инновацияларды алып келүүгө» жумшалат. Беларус СССР кыйрагандан берки эң оор кризисти башынан өткөрүүдө. Өлкө Валюта корунан сегиз миллиард карыз сураган. Кор бул үчүн реформа жүргүзүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG