Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

22-сентябрга карата аба ырайы


22-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда гана жаан-чачын жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3-8, күндүз 15-20,
Талас облусунда түнкүсүн 1-6, күндүз 14-19,
Баткенде түнкүсүн 6-11, күндүз 18-23 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарныда түнкүсүн абанын температурасы 8-13, күндүз 20-25 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3-8, ал эми күндүз 13-18,
Нарында түнкүсүн 2-7, күндүз 15-20 градус болот.
Тоолордо түнкүсүн 1 градустан 6 градуска чейин суук, ал эми күндүз нөл градустан 5 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот.

Абанын температурасы түнкүсүн 5-7 градус, күндүз 17-19 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG