Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

"Манасты" кеңейтүү маселеси Нью-Йоркто талкууланды


Манас аба майданында кошумча учуу тилкеси ачылышы керек. Бул маселе Нью-Йоркто өткөн президент Роза Отунбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун жолугушуусунда талкууланды. Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, кыргыз тарап аба майданда учуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташыган учактарга өзүнчө, атайын жүк ташыган учактар үчүн өзүнчө учуу тилкелери болушу зарыл деп эсептейт.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселесин да талкуулашты. Хиллари Клинтон өз сөзүндө Кыргызстандагы демократия процесстеринин жүрүшүн оң баалады.

Роза Отунбаева Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумуна катышуу үчүн 18-сентябрда жөнөп кеткен. Манас аба майданын АКШ каржылаган Транзиттик жүк ташуу борбору да пайдаланат. Ал борбор Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышкан учактарды тейлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG