Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Кыргызстанда аз кандуулук оорусу жайылууда


Бүгүн Бишкекте беш жашка чейинки балдардын жана кош бойлуу аялдардын саламаттыгына арналган жыйын өтөт. “Эне жана балдарды коргоо” борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин “Азаттыкка” айтымында, керектүү микроэлементтердин жетишсиздигинен улам Кыргызстанда жаш балдардын ден соолугу начарлап, аз кандуулук оорусунун жайылышы балдар арасында 40%, кош бойлуу аялдар арасында 32-70 пайыздан ашкан.

Иликтөөлөр жыйынтыгы көрсөткөндөй, өлкөдө беш жашка чейинки балдардын 14-27 пайызында дейре кыска бойлуулук байкалат. Бул өнөкөттө балдар жана аялдарга күнүмдүк турмушта витамин жана микроэлементтердин жетишээрлик денгээлде керектелбей жатышы себеп болууда. Ушул маселелерди талкуулаган иш-чарага Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БУУнун балдарды коргоо кору – ЮНИСЕФ демилгелик кылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG