Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Триполиде Каддафи доорунан калган көрүстөн табылды


Триполинин Абул Салим түрмөсүнүн жанында 1200дөн ашуун адам көмүлгөн жай табылды. Ливиянын Улуттук Убактылуу Кеңешинин билдиришинче, бул жерге Абу Салим абагында 1996-жылы болгон көтөрүлүштүн катышуучуларынын сөөктөрү көмүлгөн. Көтөрүлүш басылгандан кийин, Утурумдук өкмөттүн өкүлү Халид аш-Шарифтин маалымдашынча, аресттантар атылсын деп буйрулган.

"Тополоңдон кийин куралсыз арестанттар жок кылынсын деген буйрук чыккан. Түрмөнүн кароолдору көзү таңылып, колуна зоолу салынган аресттанттарды абаккана ордосундагы аянтка топ-тобу менен чыгарып туруп, атышканын кыргында тирүү калгандардан өзүңүздөр да эшиттиңиздер", - деди аш-Шариф кабарчыларга.

Абу Салим абагында Муаммар Каддафинин режимине каршылар да кармалчу.

XS
SM
MD
LG