Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Дүйшөбаевдин айдоочусу боюнча ишти Аскер прокуратурасы карайт


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтык айдоочусу Таалай Адырановго карата кылмыш иши козголду. Аны Аскер прокуратурасы карамай болду. "Адыранов УКМКнын кызматкери, аскер адамы. Андыктан анын ишин Аскер прокуратурасы карашы керек" - деп кабарлашты "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан.

20-майда Бишкектин четиндеги Ново-Покровка айылында "Тойота" машинасы Бактыбек Сулайманов аттуу адамды коюп кетип өлтүргөн. Анын айдоочусу Таалай Адыранов Сулаймановдун туугандарын таап барып алдынан өтүп, кылмыш ишин козгобой эле коюу чечими кабыл алынган.

Бирок кырсык болгон учурда машинаны Адыранов эмес, Дүйшөбаев өзү айдап бараткандыгы тууралуу сөздөр айтылып келет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, "авария учурунда машинанын ичинде Дүйшөбаевдин болгондугу тууралуу факт аныкталган жок, бирок каргашалуу окуянын чыныгы чоо-жайын кылмыш иши аркылуу гана аныктоого мүмкүн". (RK)

XS
SM
MD
LG