Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Панетта: Коргонууга кеткен чыгымдар кыскартылат


АКШнын коргоо министри Леон Панетта коргонууга кеткен бюджеттик чыгымдар кыскартыларын, Америка НАТОнун аскерий программаларын каржылоодогу тартыштыкты мындан ары жаба албасын билдирди.

Брюсселде Түндүк альянстын коргоо министрлеринин жолугушуусу алдында сүйлөгөн сөзүндө Пентагондун башчысы НАТО боюнча өнөктөштөрүн Атлантиканын эки жагын каржы кризиси каптаган учурда коопсуздук жаатында көбүрөөк кызматташууга үндөдү:

- Альянс кубаттуу бойдон кала бериши керек. Бул үчүн үнөмдөө чараларына карабай, финансылык таңсыктыкты биргелешип кыскартып туруубуз зарыл.

Жыйында министрлер Ливия жана Ооганстандагы аскерий операциялардын жүрүшүн, андагы кемчиликтерди талкуулашат.

XS
SM
MD
LG