Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Обама Пакистан бийлигине жаңы доомат артты


АКШ президенти Барак Обама Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында Пакистандын атайын кызматтарын Ооганстанда кайсы бир күмөн туудургандар менен байланышы үчүн айыптап, "расмий Исламабад мындан аркы узак мөөнөттүү эки тараптуу кызматташууну эсепке алса, Вашингтондун кооптонуусуна көңүл бурууга тийиш" деп эскертти.

Барак Обаманын пикиринде, Пакистан бийлиги байланыш түзүп жаткан кишилер Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кетери менен бийликке келет деп үмүттөнүп жатышат.

Мунун алдында АКШ Пакистандын чалгын кызматын Ооганстандын мурдагы президенти Бурхануддин Раббанинин өлүмүнө тийиши бар “Хаккани” тобу менен байланышкан деп айыптаган болчу.

Май айында “ал-Кайиданын” лидери Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийин АКШ менен Пакистандын ортосундагы мамиле сууп кеткен.

XS
SM
MD
LG