Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Ош облусунда жер титиреди


6-октябрда кечинде Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен жеринде жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 6-октябрда саат 22:47де Таджикистан Республикасында, эпицентрде 5,3 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Ачык-Суу айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышты карай, Дараот-Коргон айылынан 70 чакырым түштүк-чыгышты карай, Кара-Кабак айылынан 55 чакырым түштүктү  карай  жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Ачык-Суу айылында 3 балл, Дараот-Коргон айылында 2,5 балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)

 

XS
SM
MD
LG