Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Отунбаева Гроссман менен Ооганстан маселесин талкуулады


Президент Роза Отунбаева АКШнын Мамлекеттик департаментинин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Марк Гроссман менен жолугушту. Гроссман Бишкекке АКШнын Ооганстандын Борбордук Азия регионуна интеграцияланышы үчүн анын соода-экономикалык байланыштарын калыптандырууга багытталган «Жаңы Жибек жолу” аттуу концепциясын талкуулоо үчүн келген.

Отунбаеванын айтымында, Кыргызстан бул долбоорго катышууга кызыкдар. Мамлекет башчысы АКШ тараптын Кыргызстандын Ооганстан менен соода-экономикалык өз ара байланышын түптөөгө колдоо көрсөтүүсүн өтүндү.Региондун негизги проблемалары катары президент терроризмдин жайылышын, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүсүн жана адамдарды сатуу маселелерин сөз кылды.

«Жаңы Жибек жолу” концепциясынын бет ачаары АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон тарабынан ушул жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 66-сессиясынын алкагында өткөрүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG