Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

8-октябрга карата аба ырайы


8-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1-6, күндүз 11-16,
Талас облусунда түнкүсүн 0-5, күндүз 9-14,
Баткенде түнкүсүн 4-9, күндүз 13-18 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарныда түнкүсүн абанын температурасы 5-10, күндүз 15-20 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3-8, ал эми күндүз 13-18,
Нарында түнкүсүн 0-5, күндүз 13-18 градус болот.
Тоолордо түнкүсүн 4 градустан 5 градуска чейин суук, ал эми күндүз 2-7 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкекте түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 4-6 градус, күндүз 14-16 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG