Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Польшада бүгүн парламентке шайлоо өтүп жатат


Добуш берүүнүн алдынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, премьер-министр Доналд Туск жетектеген “Жарандык платформа” партиясы кайрадан жеңиши мүмкүн. Анын негизги атаандашы катары Ярослав Качинскинин “Мыйзам жана акыйкаттык” деген консервативдүү партиясын аташууда. Эл пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолорго таянып, парламентке дагы үч партия өтүшү мүмкүн экенин болжоп жатышат. Аналитиктер бүгүнкү шайлоо Польшанын кайсыл багытта өнүгүшү мүмкүн экенин да көрсөтөт дешет. Качински, маселен, бир нече жолу Германияны сындаганы бар. Туск болсо соңку кездери Орусия менен алаканы жакшыртууга аракет кылганы байкалды.

XS
SM
MD
LG