Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

"КАМЭК" бекер дарылаганы баратат


"КАМЭК" көп тармактуу клиникасы быйыл да алыскы айылдарда жашагандарга бекер операция жасоо акциясын улантат. Бул тууралуу аталган клиниканын жетекчиси Эркинбек Маматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү клиниканын дарыгерлери Нарындын Чаегине жана Ат-Башысына чейин барып, операцияга муктаж болгондорго бекер жардам беришет. "Операциянын сапаттуу өтүшү үчүн биз өз шаймандарыбызды ала барабыз. Соңку бир жылдын ичинде миңге жакын сыркоого жардам бердик", - деди Мамытов. Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү айыл жергесинде жашайт. Алардын басымдуу бөлүгүнө кымбат баалуу заманбап медициналык тейлөө кол жеткис. (RK)

XS
SM
MD
LG