Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Казакстанда дин боюнча жаңы мыйзамга кол коюлду


Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон мыйзам диний топторго көзөмөлдү күчөтөт жана мындай кадам ириде ислам экстремизмине каршы күрөшүү максатында жасалып жаткандай.

Жаңы мыйзамга ылайык, учурдагы диний бирикмелердин баары кайра каттоодон өтүүсү керек, мунун натыйжасында майда топтор каттоодон четтетилет.

Мындан ары диний жайларды, анын ичинде мечиттерди куруу үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу талап кылынат. Диний билим берүүчү жайлар да алардын көзөмөлү астында болот.

Буга кошумча иш орундарында намаз окууга тыюу салынат. ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу мыйзам дин тутуу эркиндигин чектерин белгилеген.

XS
SM
MD
LG