Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Кыргыз Улуттук драма театрынын жаңы сезону ачылат


Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын 85-сезону ачылат. Бул тууралуу театрдын маалымат борборунан “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, бул күнү белгилүү жазуучулар Төлөгөн Касымбеков жана Көчкөн Сактановдун “Курманжан датка” пьесасы боюнча коюлган спектакль тартууланат. Мындан сырткары театрдын мааракелик репертуарына ар түрдүү жанр жана стилдеги ондон ашуун спектакль киргизилген. Аталган театр үч жылдай убакыттан кийин көрүүчүлөргө эшигин ачууда. Бул убакыт аралыгында театрда капиталдык ремонт жүрүп жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG