Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Байболовдун Кочкордогу жолугушуусу үзгүлтүккө учурап кала жаздады


Президенттикке талапкер Кубатбек Байболовдун Кочкор районундагы шайлоочулар менен жолугушуусу аз жерден үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Бул тууралуу Байболовдун штабынан "Азаттыкка" кабарлашты. Жолугушуу бүгүнкүгө, саат 15ке белгиленгени тууралуу кат акимиатка бир жума мурда эле жиберилгени айтылды. Жолугушуу өтүүчү райондук Маданият үйүндө саат 15те электр энергиясы өчүрүлгөн. Келген шайлоочулардын көпчүлүгү тарап кеткен. Штабдын өкүлдөрү, Байболов өзү акимге чыгып жатышып, электр энергиясын күйгүзүшкөн. Кочкор райондук акимиатынан да, райондук шайлоо комиссиясынан да Байболовдун өкүлдөрү бир жума мурда кат бергендери тууралуу маалымат чындыкка жатпайт деп "Азаттыкка" билдиришти. Буга чейин Байболовдун шайлоо баннерлери уурдалганы тууралуу да маалымат тараган. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 19. (RK)

XS
SM
MD
LG