Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Беков: Казакстан эт-сүттү өткөрбөй жатат дегенге ишенбейм


“Казакстан Кыргызстандан барчу эт, сүткө 19-октябрдан тарта тыюу салды” деген депутат Талант Узакбаевдин билдирүүсүн айыл чарба министри Төрөгул Беков четке какты.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берген министр 2007-жылы киргизилген мындай тыюу дагы эле күчүндө экенин, аны алып салууга ушул тапта аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

- Азыр Казакстан Кыргызстандан келчү эт, сүт азыктарына тыюу салды деген маалымат айтылууда. Сиз муну тастыктай аласызбы?

- Азыр менин жанымда Ветеринардык департаменттин жетекчиси отурат. Мен түштүктө пахта маселеси боюнча үч күн жүрүп келдим.

Расмий түрдө 2007-жылдан баштап Казакстан Кыргызстандын эт, сүт азыктарына тыюу салган. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок. Биз 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Дүйнөлүк банктан, Европалык комиссиядан 37 миллион доллар алып, малды эмдеп, өлкөдөгү эпизоотикалык абалды оңдоого аракет кылып жатабыз.

- Депутат Талант Узакбаев деле 2007-жылдан бери тыюу бар экендигин айтып жатат. Бирок анын ичинен сүткө жана даяр эт продуктуларына уруксат берилген деп жатпайбы. Азыр анын айтымында, ошолордун баарына тыюу салынып жаткан экен?
Кыргызстанда мал көбөйүүдө. Бизден Иранга, Эмиратка, Кувейтке экспорт көбөйүүдө. Казакстанга деле мыйзамсыз жолдор менен кетип жатат.

- 2007-жылы салынган тыюу алына элек. Биз азыр ошону алдырып салалы деп аракет жасап атабыз. Эмдөө иш-чараларын өткөрүп, 2011-жылдын аягы 2012-жылдын башында “абал жакшырды, тазаланды” деп, Казакстанга расмий түрдө биздин экспортту көтөрөлү деп кайрылмакпыз. Ал эми азыркы “тыюу салынды” деген өңдүү билдирүүлөрдү экономикалык диверсия деп ойлойм.

- Депутат 19-октябрдан тарта Казакстандын ветеринардык кызматы тыюу салган кат келди деп жатат. Сиздин кабарыңыз барбы?

- Кандай катты көргөнүн мен билбейм. 2007-жылдан бери эле Казакстанга продукция мыйзамсыз жолдор менен өтүп эле жатат. Кааласак да, каалабасак да болуп жатат, ал нерсе бүгүн эле токтоп калган жок.

Азыр Казакстан Бажы биримдигине кирбедиби, ошондуктан аткезчилик азайып калды. Казактар өздөрү чек арага Орусия, Беларустан адистер келип, текшерип жатканын айтышууда.

Биз азыр кайра жасаган иштерибизди айтып, мактаналы дедик элек. Эмки жылдан баштап экспортко салынган тыюуну алып койгула дегени жатсак, анан анча-мынча адамдар минтип өзүбүздү жамандап, “шарп ылаңы бар, өрттөнүп жатат, күйүп жатат” деген сөздөрдү айтып жатышат. Ар бирин кудай өзү таразалайт.

- Чүйдө шарп күчөп жатканы айтылууда. Чын эле абал кооптуубу?
Анча-мынча адамдар минтип өзүбүздү жамандап, “шарп ылаңы бар, өрттөнүп жатат, күйүп жатат” деген сөздөрдү айтып жатышат. Ар бирин кудай өзү таразалайт.

- Кыргызстанда мал көбөйүүдө. Бизден Иранга, Эмиратка, Кувейтке экспорт көбөйүүдө. Казакстанга деле мыйзамсыз жолдор менен кетип жатат. Чүй облусуна мал алты облустан келет. Алар Бишкекте, Чүй базарында, Токмокто сатылат. Ошондуктан биз Чүйгө көп көңүл бурабыз.

- Сиз азыр Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга кандай баа берет элеңиз?

- 2007-жылы бир балл бере турган болсом, азыр үч балл берет элем. Канааттандырарлык деп эсептейм. Иштеп жатабыз. Ошол саясатчылар кайра өзүбүздүн жерибизди, малыбызды мактап, экспортту көтөрсө жакшы болмок эле.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG