Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Клинтон Тажикстанда адам укуктарын колдоону убада кылды


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн Дүйшөмбүдө тажик жарандарынын тобу менен кездешкен учурунда буларды белгиледи:

- Биз тажикстандык жарандардын татыктуу билим алышын, жер ээси болушун, көз карандысыз маалымат каражаттарын пайдаланышын, бирдей шартта саясий жараяндарга катышып, аялдар жана эркектер ээ болушу керек болгон бардык негизги укуктардан колдонушун бекем колдойбуз. Адамдардын фундаменталдык эркиндиктери, анын ичинде бардык адамдардын, жаштар менен карылардын, аялдар менен эркектердин диний эркиндиги бекем корголуусу керек деп эсептейбиз.

Хиллари Клинтон Тажикстанда мамлекеттик катчы катары алгачкы расмий иш сапары учурунда тажик бийликтери менен аймактагы баңгизат аткезчилигине жана исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүү маселелерин талкуулоодо.

Тажикстандан соң ал бүгүн Өзбекстанга келери күтүлүүдө. Ал эми Тажикстанга чейин Ооганстан менен Пакистанга токтоп, АКШнын Ооганстандагы объектилерине жасалган кол салууларга жоопкер согушкерлерге каршы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG