Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Ош: «Достук» чек ара бекети ачылды


Кыргыз чек арачысы "Достук" өткөрмө бекетинен өтүп бараткан жарандын документин текшерүүдө, 26-октябрь.
Кыргыз чек арачысы "Достук" өткөрмө бекетинен өтүп бараткан жарандын документин текшерүүдө, 26-октябрь.

Өткөн жылкы апрель жана июнь окуяларынан кийин Өзбекстан жаап салган өткөрмө бекеттин ачылышы жергиликтүү тургундарды кубанычка салды.

Кыргыз-өзбек чегиндеги “Достук” өткөрмө бекети 26-октябрдан тарта ачылды. Серепчилер эми Кара-Суу базарынын соодасы да жанданаарын белгилөөдө.

Кара-Суу районундагы «Достук» бекетинин ачылышы Өзбекстан тарап менен Кыргызстан тараптын үзүлүп калган карым-катнашына жан киргизгендей болду. Бир жылдан бери тууган урук, дос-тааныш менен саламга келе албай, бири-биринин жамандык-жакшылыгына катыша албай келгендер таң атпай бекетке кезектеп туруп калышты.

"Достук" чек ара бекети, 26-октябрь.
"Достук" чек ара бекети, 26-октябрь.
Ушинтип кезекте тургандардын бири Захида Муминова али канча киши чек ара ачылганын биле электигин айтат:

- Азыр туугандарыбыздын үйүнө кетип жатабыз. Чек ара жабылып калып аяба й кыйналдык. Эжемдерди бир жылдан бери көрө элекмин. Ачылганына ишенип, ишенбей турабыз. Бирок келсек өткөрөбүз деп атат, абдан кубанып турабыз. Азыр дагы канча киши уга элек. Укса бул жер кезекке толуп кетет.

Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арасын былтыркы апрель жана июнь окуяларынан кийин жаап салган. Ары-бери өткөндөр ал жактан келген чакыруу баракчасы менен гана каттап келген. Бирок ага карабай чек ара тилкелерди мыйзамсыз басып өтүүлөр орун алып келген.

Жергиликтүү тургундардын бири Гүлипа Таабалдиева эми андай мыйзамсыз өтүүлөр токтойт деген пикирде:

- Чек ара жабылган менен деле өтөм деген киши өтө берет экен. Мыйзамсыз жолдорду таап, эптеп карым-катнаш кылгандар болуп атты. Бирок мыйзамсыз жолдор менен өтүүдө толгон-токой кыйынчылыктар менен, чоң акча берүүгө туура келип аткан. Эми бул жердин ачылышы менен андайлар да токтойт. Кадимкидей эле документи менен өтүп-барып келет.

Канткен менен бекеттин Өзбекстан жагында кезек узакка созулуп кеткендиги көрүнүп турат. Коңшу өлкөдөн келе жаткан Маликаны кепке тартканыбызда буларга токтолду:

- Ал жактан келе жаткандар Кыргызстан тараптагыдай көп эмес. Кыргызстандан бараткандар тиги жерде тизилип турат. Бирок документтерден көп деле көйгөй кылган жок, менимче. Декларацияны толтурасың, визанын деле кереги жок деп атышат. Эч кандай деле кыйынчылыктар жоктой.

Эки өлкө ортосунда «Достук» бекетинен башка дагы 7 өткөрмө пункту бар. Чек ара кызматтары жакын арада калган бекеттердин ачылуусу да мүмкүн экендигин айтышат.

«Достук» чек ара бекетинин зардалы Алмаз Тойчуевди угалы:

- Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 26-октябрдан тарта эртең менен саат 9:00дөн, 27-октябрдан баштап 8:00дөн кечки саат 8:00гө чейин «Достук» бекети ачылмакчы болду. Тургундар, жүк ташуучу жана жеңил машинелер баары өткөрүлөт. Бир гана оң рулдуу жана кара түс менен чүмбөттөлгөн автоунааларга ары-бери каттаганга тыюу салынат.

Кантсе да «Достук» бекетинин ачылышы аймактагы экономикалык жана саясий абалга жакшы өбөлгө түзөт дешет серепчилер.

Талдоочу Эркин Абдыразаков өзгөчө Борбор Азиядага ири базарлардын бири болгон Кара-Суу базарынын иши жанданат деген пикирде:

- Бажы пунктунун жабылганына байланыштуу Кара-Суу базарынын соодасы, иш орундары 30-40 пайызга чейин азайып кеткен болчу. Эми ушул нерсе кайра тикелене баштайт. Анан албетте, чек аранын ачылышы кыргыз-өзбек мамилесине бир топ жакшылыктарды алып келет. Оштогу дыйкандар күзүндө жыйган продукцияларын Өзбекстанга ташып чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Малдын кургак учугу чыгып атат деп Казакстан бизден эт албай калган болчу. Демек, биздин эт азыктарыбызды, сүт азыктарыбызды да Өзбекстан алышы мүмкүн.

Ошол эле убакта чек аранын президенттик шайлоонун алдында ачылышын эки тараптын саясий чечимдери менен да байланыштыргандар бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG